Бүгүн эртең мененки саат 7:40та Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, силкинүүнүн очогу Ысык-Көлдө, Каракол шаарынан түндүк-чыгышына 70 чакырым, Жыргалаң айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү 3-3,5 балл болуп сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок, адам өмүрүнө зыян тийген учурлар да катталган жок. (BkA)