Түштүктөгү геологиялык экспедициянын мыйзам бузууга барганы аныкталды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түштүктөгү геологиялык экспедициянын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

Аталган экспедициянын кызматкерлеринин мыйзам бузууга барганы, Ош облусундагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ишин текшерүү учурунда аныкталган.

Маалыматка ылайык, экспедиция мүчөлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын имараттарды үчүнчү жүздөргө ижарага берген. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 167 миң сомдук зыян келген.

Учурда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын иликтөөсүнүн негизинде Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгоду. (ST)