Кассан сурма кени боюнча өтчү аукцион жылдырылды

Бул тууралуу "Азаттыкка" Геология агенттигинен билдиришти. Бүгүн Чаткал районунун Терек-Сай айылында Кассан сурма кени боюнча аукцион өтөрү белгиленген. Аукционго 6 ишкана, эки жеке ишкер катышкан. Ага көз карандысыз байкоочу иретинде парламенттин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү барган.

Бирок аукционду өткөрүүчү комиссия тоскоолдук жаралганына байланыштуу аны 72-пункттун негизинде (Кендерди пайдалануу боюнча аукцион өткөрүү шартынын тартиби) башка күнгө жылдырды. Экинчи аукцион эми чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кеч эмес убакытта өтүшү зарыл.

Кассан сурма кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал тоо кыркасында жайгашкан. (ST)