Тажикстан өз жарандары тарабынан келтирилген чыгымды материалдык түрдө кайтарууну сунуштоодо. Кыргыз тарап бул сунушка азырынча жооп кайтара элек. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Баткен облусунун администрациясынан билдиришти.
Буга чейин маалым болгондой, 7-майда Тажикстан менен чектеш Жаке - Өрүк участкасында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдын айынан кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана автомашина өрттөлгөн. Бул чыгымдардын баасын эсептей келгенде 9 млн. сомго жеткен.
Тажик тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө 15 күндүк уруксат сураган.
Ушул жылдын 7-майында болгон кыргыз-тажик чырынын себебин кыргыз бийлиги үчүнчү күчтөр уюштурушу ыктымал деп жоромолдогон. Бирок жергиликтүү эксперттер буга соцалдык-экономикалык себептер негиз болгонун айтышкан. Жаңжал учурунда кыргыз тараптан 17, тажик тараптан 8 адам жаракат алган. (JsA/ST)