Канадалык компания кыргыз өкмөтүн Москвадагы эл аралык арбитражда 118 млн. долларга жыккан. Бул маселе боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев компаниянын өкүлдөрү менен түзүлгөн абал боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт өкүлдөрү болсо бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөп жатат.
Stans Energ компаниясы Куттуу-Сай, Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, бирок кыргыз бийлиги активдеринен мыйзамсыз ажыратканын билдирип келет.(BkA)