Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловго жана мэриянын 4 кызматкерине карата козголгон кылмыш иш боюнча өкүм 14-июлда чыгарылат. Бүгүнкүгө белгиленген отурум ишти карап жаткан Октябрь райондук сотунун судьясы Жамила Сабитованын тааныштарынын биринин кайтыш болгонуна байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттон билдиришти.
Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрында кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-жылы Бишкектеги Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталып жатат.
Өмүркулов айыптоону негизсиз экенин айтып келет. (SE)