Индияда дагы бир имарат урады

Өлкө түштүгүндөгү Ченнаи шаарында 6-июль күнү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын склады кулап, 11 адам каза тапты. Куткаруучулар бир кишини сактап калышты. Склад ээсин полиция кармап кетти.

Ушул эле шаарда 28-июнь күнү 11 кабаттуу имарат кулап, ондогон адам мерт кеткен болчу. Ага чейин Нью-Дели калаасында ушундай кырсык болуп, он кишинин өмүрү кыйылган.

Индияда соңку кездери мындай окуялар көп каттала баштады. Ага курулуштун жүрүшүндө коопсуздуктун сакталбашы жана сапатсыз материалдардын колдонулушу себеп экени айтылып жатат.