Банкоматтардын саны үч эсе көбөйөт

Кыргызстанда банкоматтардын саны үч эсе көбөйөт. Бул план өкмөттүн сунушун күзүндө парламент бекитип бергенден кийин ишке ашарын кечээ коммерциялык банктардын башчылары менен жолугушууда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, банкомат жана POS-терминалдарды өлкөгө алып келүүнү каалагандарды кошумча нарк салыгынан бошотуу каралууда. Эгер бул идея ишке ашса банкоматтардын саны үч эсе, ал эми төлөмдү пластикалык картадан алуучу POS-терминалдар 10 эсе көбөйөрүн өкмөт болжолдоодо.

Премьер-министрдин айтымында, муну менен көмүскө экономиканын жолдорун бууганга шарт түзүлөт, себеби накталай акча менен айлык берүү, соода кылуу азайып, эл пластикалык карталарга өтө баштайт.

Учурда өлкө аймагында 856 банкомат бар. (RK)