Маматалиев: Наманган каналы боюнча чечим кабыл алына элек

Наманган каналын убактылуу жабуу боюнча конкреттүү чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Жалал-Абаддагы Үч-Коргон ГЭСинен Өзбекстанга агып чыккан бул каналды жабуу сунушун өкмөттүк комиссия түштүк аймактардагы суу чарбалардын абалы менен таанышкандан кийин бергени 9-июнда кабарланган болчу.

Өкмөт Өзбекстан менен тирешүү сыяктуу саясий оюн жок экенин, болгону 53 жылдан бери каналда оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн аны оңдоп-түздөө үчүн жабууга туура келерин айткан.

Наманган каналынан секундуна 35 метр куб суу акса, анын 30 метр кубун Өзбекстан пайдаланат.

Май айында Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөткө газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга сугат учурунда суу берүүнү токтотуу сунушун жолдогон. Бирок өкмөт парламент комитетинин мындай сунушу каралбасын, бул маселе дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиштигин билдирген. Өзбекстан сугат үчүн сууну негизинен Токтогул суу сактагычынан алат. "УзтрансГаз" ишканасы Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү 14-апрелде токтотуп койгон. (RK)