Ош шаарындагы Алымбеков көчөсүндө “Компьютердик оюндар” деген ат менен иш жүргүзгөн клубда жашыруун казино бар экени аныкталды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Ошондой эле Зайнабидинов көчөсүндө да интернет-клуб катары катталган казино табылып, эки факт боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүк жүргүзүшүнө 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам аркылуу тыюу салынган. (SE)