Аксыда "Коррупцияга каршы элдик көзөмөл" уюмунун башчысы кармалды

Уюмдун жетекчиси Жапар Пазылов жарандардан опузалап акча алууга шектелип колго туштү. Ал Аксы районунда “медицина кызматкерлеринен шантаж жолу менен акча алууга аракет кылган" деп күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Пазыловдун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 166 - “опузалап акча алуу”, 170 - “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштерин райондук милиция жүргүзүп жатат.

"Коррупцияга каршы элдик көзөмөл" уюмунун өкүлдөрү бул кармоону негизсиз деп эсептешерин “Азаттыкка” билдиришти.

Аталган уюмдун беш кызматкерине өткөн жылы да кылмыш иши козголгон болчу. Алар Жалал-Абад облусундагы жеке жана бюджеттик уюмдардын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшергендиги үчүн күнөөлөнгөн. (SE)