Израилдик үч өспүрүмдүн тажиясына миңдеген адам катышты

Премьер-министр Бенямин Нетаняху өспүрүм балдарды өлтүрүүнү “акылга сыйгыс карасанатайлык” деп мүнөздөдү. Балдар Израил басып алган Батыш Иорданда июндун орто ченинде уурдалып, сөөктөрү эки апта соң 30-июнда кечке жуук табылган. Израил үч боз уландын өлүмү үчүн ХАМАС кыймылынын ислам согушкерлерин күнөөлөдү. Бирок ХАМАС алардын өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Израилди ракетадан аткылоолорго жооп кылып 2-июлга караган түнү Израил авиациясы жана армиясы Газа тилкесиндеги 30дан ашуун бутага сокку урду. Алардын көбү ХАМАСка таандык.

Батыш Иордандагы рейд кезинде израилдик аскерлер аткан октон бир палестиналык набыт болду.