Башкы прокуратура: Батукаев боюнча эч кимге айып коюла элек

Азиз Батукаевдин түрмөдөн эртелей бошонуп кетиши боюнча азырынча эч кимге айып тагыла элек. Факт боюнча гана кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди:

- Биз кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп бергенбиз. Тергөө уланып жатат. Анын жыйынтыгына жараша аракет көрүлөт.

Батукаев 2013-жылдын 9-апрелинде ден соолугуна байланыштуу деген себеп менен абактан эртелей бошотулган. Бирок ал чечим ката болгонун айткан кыргыз бийлиги быйыл Батукаевге кайрадан издөө жарыялаган.

Ички иштер министрлиги 30-июнда Батукаев Түндүк Осетияда Орусиянын күч кызматкерлери тарабынан колго түшкөнүн, аны Кыргызстанга экстрадициялоо аракети көрүлүп жатканын билдирди. (ZB\SE)