Жогорку Кеңеш эс алууга чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 30-июнда өз ишин жыйынтыктады. Төрага Асылбек Жээнбеков 10 ай ичинде 76 пленардык жыйын өтүп, 265 мыйзам долбоору талкууланганын айтты. 175 мыйзам кабыл алынып, алардын 137сине президент кол коюп, күчүнө кирди. Июль айында депутаттар шайлоочулар менен жолугуп, август айы эс алышат. Сентябрда иш уланат.