Бүгүн Бразилияда 16 өлкөнүн ит жыгылыш таймашы уланууда. Дүйнөлүк чемпионатта Франция Нигерия менен, Германия Алжир менен беттешет. Кечээ мээ кайнаган ысыкта, нымдуу климаттын шартында өткөн оюнда Голландия Мексиканы 2-1 эсеби менен уткан. Мексикадан Жовани дос Сантоc экинчи айлампа башталгандан үч мүнөттөн кийин топ киргизген соң голланддар алардын дарбазасына акыркы мүнөттөрдө эки топ тээп киргизишкен. Бул күнү Коста-Рика татаал таймашта Грецияны 5-3 эсеби менен тизмеден сүрүп чыгарган.