Көз талдырткан кыргыз шырдагы

Былтыркыдан айырмаланып быйыл кымыз фестивалы жана Кан Кошой күрөшү боюнча мелдеш да кошулган.

Фестивалга Жапония, Корея, Монголия, Германия, Орусия, Казакстан, АКШ жана Кыргызстандын булуң-бурчунан туристтер келишкен.

Иш-чаранын алкагында мыкты шырдак, мыкты боз үй, мыкты кол өнөрчүлүк буюмдары ж.б. бир катар номинациялар белгиленип, аларга акчалай байге коюлган.

Байге фонду 800 миң сом.

Төртүнчү жолу өтүп жаткан фестивалдын максаты улуттук кийиз буюмдарды даңазалоо, чет элдик туристтерди тартуу.

Өлкөнүн жети дубанынан 500дөй уз келип 2000ден ашык шырдак, 500дөй алакийиз көргөзмөгө коюлду.

Кыргызстандын ар бир аймагынын шырдагы бири-биринен айырмаланып жана жасоо өзгөчөлүктөрү да окшошпойт.

Былтыр 2013-жылдын март айларында кыргыздын улуттук ала-кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо тизмесине киргени жөнүндө сертификат Кыргызстанга берилген.