Акыйкатчы маселеси парламентте күзүндө каралмай болду. КСДП менен "Ата Мекен" фракцияларынын акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу сунушу көпчүлүктүн добушуна ээ болгон жок. "Ар-Намыс" фракциясынын акыйкатчы боюнча комиссия түзүү сунушу да өтпөй калды. Айрым депутаттар азыркы акыйкатчы былтыр 3-октябрда шайлангандыктан 2013-жылы үч гана ай иштегенин белгилеп, бааны эч болбогондо 9 айлык ишине берүү керектигин айтып чыкты. Жыйынтыгында маселе күзүндө каралмай болду.
Буга чейин акыйкатчынын жылдык баяндамасына добуш берүүдө талаш-тартыш чыккан болчу. (RK)