УКМК "Кыргызалтындагы" коррупцияны талкуулады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы "Кыргызалтын" ишканасындагы коррупция менен күрөшүү максатында жыйын өткөрдү. Коррупциялык тобокелдик болушу мүмкүн зоналар аныкталып, схемалар талкууланды. Айрыкча өнөр жай продукциясын уурдоо, мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны жымырып алуу, кадр маселесинде саясый жана административдик лобби сыяктуу проблемалар айтылды. Жыйынга "Кыргызалтындын" жетекчилиги да катышты.

Башкы прокуратура 29-майда "Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы башчысы Дилгер Жапаровду “Кумтөр голд компаниден” өкмөттүн макулдугусуз “Центерра голд инк.” ишканасына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап кармаган. Учурда ал тергөө абагында жатат. (RK)