Ысык-Ата районунда дыйкандар сугаттан кыйналышууда

Дыйкандар суу берүүнү талап кылып бүгүн өкмөт үйүнүн алдына чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын өкүлү Эсенгул Күлчороев билдирди. Алардын айтымында, суунун берилбей жатышынан 2 миң гектар аянттагы эгин-тигини күйүп баратат. Дыйкандар суунун аздыгына арызданып өткөн аптада да өкмөткө келишкен. (AiT)