Бишкекте массалык уулануу болгону айтылып жаткан “Мансур” кафеси кызматкерлери медициналык кароодон өткөнгө чейин убактылуу жабылмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухаммад Мурзашев билдирди.
- Текшерүүдө кафе санитардык нормаларга жооп бере турганы аныкталды. Болгону кызматкерлер текшерүүдөн өтүшү керек. Ууланган адамдардын акыбалы азыр жакшы. Cебептери азырынча аныктала элек, - деди Мурзашев. Анын белгилешинче, уулануу кафеден сатып алган тамактан же тамактануу эрежесинин бузулганынан болушу ыктымал.
Кечээ, 28-июнда “Мансур” кафесинин тамагын жеген 22 адам дарыгерлерге кайрылып, бирөө ооруканага жаткырылган.
Адистер май-июнь-июль айлары тамак-аштан ууланган фактылар көбөйөрүн белгилеп, элди этият болууга чакырууда. Жыл башынан бери шаарда 60тан ашуун киши ууланып, дарыгерге кайрылган. (КЕ)