Бүгүн мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Орозо айы башталды. Бул айда мусулманчылыктагы парзын аткарууну каалагандар бүгүн түнү ооз бекитишти. Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин “Азаттыкка” айтымында, Орозо айт 29-июлга белгиленди.
Буга чейин муфтият фатва чыгарып, 28-июнь - Рамазан айынын биринчи күнү болорун билдирген. Айдын бир күн кеч көрүнүшүнө байланыштуу бул 29-июнга жылды.
Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктап, тынчтык, бейпилдик, ынтымак жана сабырдуулук каалады. (КЕ)