Бишкек: кафелердин биринде массалык уулануу катталды

Бишкек шаарындагы “Мансур” кафесинин тамактарын жеген жыйырма киши ууланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Мурзашев билдирди.

“Алардын бирөө жардам алгандан кийин үйүнө чыгып, экинчиси ооруканага жаткырылган. Бир компанияда иштеген 20 киши тамактанган, калганы кыйналса да иштеп атышыптыр. Алар 25-июнда “Мансур” деген кафеден тамак алдырып келип тамактангандан кийин уулануунун белгилерин байкашкан. Кечээ кечки саат алтыда да ошол эле кафеден тамак жеген эки адам ууланып, инфекциялык ооруканага кайрылган”, - деди Мурзашев.

Бул боюнча санэпидкөзөмөл кызматы кафеге 2000 сом айып салып, ишин убактылуу токтотуп туруу боюнча чечим чыгарган. Бирок, анын ээлери токтомго баш ийбей жатыптыр.

“Кафе ээси мурда депутат болуптур, дагы жогору жакта жакындары бар экен. Эчтемке болбойт, токтомду албагыла деп кызматкерлерине айтып, моюн бербей жатышат. Айыппулду төлөйбүз, бирок, ишибизди токтотпойбуз деп атышат. Тамак-аштын экспертизалык жыйынтыгы чыккыча алар кафени жаап турушу керек болчу”, - дейт бөлүм башчы.

Ошондой эле кафеде иштеген 19 кишинин 9у Сокулук районунан медициналык кароодон өткөн. Калгандарынын медкитепчеси жок болуп чыкканын кошумчалады.

Биз байланышканда аталган кафе иштеп жатыптыр, администратору уулануу боюнча айтылгандарды четке какты. (МТо)