Өкмөт ишкерликти өнүктүрүү боюнча жыйын курат

Бүгүн ишкерлер менен өкмөт өкүлдөрү бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча жыйынга чогулат. Анда быйыл март айында аталган тармакты жакшыртуу боюнча өкмөт чыгарган чечимдин аткарылышы талкууланат. Андан сырткары туристтик базаларды өркүндөтүү жаатында пикир алмашат.

Өкмөттүн Нарын менен Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы инвестициялык абал боюнча маалымат берет. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган чиновниктер жана ишкерлик чөйрөсүндөгү адистер катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (SE)