Үй-бүлө баккан саан уйлар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эң кызыгы азыр жайлоодон сүт тартып, май сызгырган чабандарды сейрек көрөсүз. Анткени сүт ташыган машине жайлоонун төрүнө чейин барып баарын сыр заводго чогултуп кетет. Ошентип чабандар сүт саалары менен литрин 15-16 сомдон дароо пулдашат. 20 уй сааган малчылардын алды 10 күндө 30 миң сомго чейин акча табат. Муну көрүп бир чети эзелтен акты сатпаган кыргыз салтынын бузулганына кейисең, бир чети базар шартына ыңгайлашып оокат кылып жаткан замандаштарды көрүп сүйүнөсүң. Усуп Ниязбеков күн сайын таң эрте “Газ 50” үлгүсүндөгү сүт тарткан унаасы менен малчыларды түрө кыдырып сүт чогултат.