Кыргыз жигити өзбек кызга үйлөндү
25 жаштагы Курсан менен 18 жаштагы Мафтуна 6 ай сүйлөшүп, турмуш курууну чечишкен.
Той кыргыз, өзбек элинин тогуз табак, сарпай кийгизүү, ысырык салуу салттары менен өттү.
Мафтунанын чоң энеси Турсунай Якубова, кыздын туугандары кыргыз жигитине турмушка чыгуусуна каршылык көрсөтүшкөн эмес, эки элдин ынтымагы үчүн кыргыз, өзбек кудалашуусу чоң роль ойноорун айтат.
Кадамжайдын Марказ айылы Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет.
Марказ айылында кыргыз, өзбек, тажик улуттундагылар жашайт. Аталган айылдын тургундарынын айтымында, кыргыз, өзбек, тажик улуттары бири-бирине кыз берип, уул үйлөгөндөр көп.