Парламент жайкы каникулга кетээр алдында кезексиз сессия өткөрмөй болду. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарга бүгүн жарыялады.
- Кийинкиге калтырылбай турган айрым маселелер бар. Көп эмес. Ошолорду карайбыз. Конституция боюнча биз ансыз деле акыркы иш күнү сессияны жабышыбыз керек. Жумушту толук кандуу аткарып бүтүп шайлоочулар менен жолукканы кетебиз, - деди ал.
Эреже боюнча Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары шаршемби жана бейшемби күндөрү гана өтөт. Калган күндөрдө иш комитеттерде жүрөт. 30-июнь - дүйшөмбү. (RK)