Депутат Тербишалиев Келдибеков боюнча токтомго каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев Келдибеков боюнча кечээ парламент кабыл алган токтомго каршы чыкты. Ал өзү добуш бербесе да "макул" деген кнопкасын башкалар басып койгонун айтып, парламент депутат же министрдин гана таламын талашпастан, абакта жаткан миңдеген жөнөкөй жарандарды да ойлошу керектигин кошумчалады. Келдибековдун ден соолугу начарлап кеткени сыяктуу медициналык аныктамалар камактагы башка жарандарга да берилип эле жүргөнүн, бирок алар бошотулбастан абакта жатканын айтты.

Кечээ Жогорку Кеңеш оппозиционер депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Жогорку Сотко жолдогон болчу. Ага догдурлардын Келдибековдун абалы начарлап баратканы, чет өлкөгө барып дарыланышы керектиги тууралуу аныктамасы негиз болгон. (RK)