Жалал-Абадда дан эгиндерин оруп жыйноо башталды

Бүгүн Базар-Коргон районунда эң алгачкылардан болуп буудай талааларына 7 комбайн чыгып, тушүм жыйноого киришти. Бул тууралуу райондун акими Таалайбек Дөлдөев “Азаттыкка” билдирди.

Акимдин айтымында, район аймагында 3800 гектар аянтка күздүк буудай себилип, түшүмдүүлүк 1 гектарынан 50 центнерден болууда. Ал эми 600 гектар аянттагы жашылча-жемиш жыйналып бүтүп, дыйкандар экинчи айдоого киришти.

Жалал-Абад облусу боюнча быйыл 24,5 миң гектар аянтка буудай эгилип, 60 миң тоннага жакын түшүм жыйналуусу күтүлүүдө. (RsK)