Апас Жумагуловдун 80 жылдыгын белгилөө сунушталды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Апас Жумагуловдун мааракесин өткөрүүнү өкмөт караштырып көрүүсү зарыл. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева айтты. Ал Жумагуловдун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланышы керектигин кошумчалады.

Апас Жумагулов 1986-1991 жана 1993-1998-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарып турган. Азыр ал 79 жашта.

1934-жылдын 19-сентябрында Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. (RK)