Тажикстанда баскетболчулар жол кырсыгына кабылды

Тажикстан -- Варзоб районундагы дарыя.

Тажикстанда баскетболчу төрт өсүпүрүм жана алардын машыктыруучусу жол кырсыгынан курман болду. Алар мелдешке бараткан автомобиль тоолуу Варзоб районунда дарыяга түшүп кеткен. 23-июндагы кырсыкта 13 жашар Хусейн Исоев аман калды. Тажикстандын спорт, туризм жана жаштар комитетинин төрагасы Рахматшо Камоловдун “Азаттык” радиосуна айтымында, машинени айдап бараткан машыктыруучу Ихромжан Исоев жана анын уулу Саидамирдин сөөгү 24-июнда табылды.

Исаевдин экинчи уулу Саидусмондун жана башка эки баскетболчу уландын денеси табыла элек.