Мыйзамсыз паспорт сатуу боюнча кылмыш иш козголду

Ички иштер министрлиги жана Аламүдүн райондук прокуратурасы райондун мамкаттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Мекеменин кызматкерлерине 2012-жылы кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк жаранга жасалма паспорт жасап берген деген айып тагылууда. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)