Жайлоодогу дөңгөлөк мончо

Чымынды Сай капчыгайы.

Жайлоодо телефондун антеннасы чыкпагандыктан малчылар ушул дөбөгө келип сүйлөшүшөт. Бул жерди малчылар "Бител дөбө" деп тергешет.

Казак-кыргыз чек арасын бөлүп турган Каркыра суусунда балык мол экени айтылат.

Келиндер кир-кечесин тоодон аккан көк кашка сууга чайкашат.

Жайлоонун жаан-чачыны көз ачырбайт.

Малчылар каймакты өздөрү жегидей кылып эле ченеп тартышат. Себеби сүттү саалары менен заводго өткөрүшөт.

Каркыранын Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагы. Манас эпосунда бул жер Миң Жылкы деп аталып, Көкөтөйдүн ашы өткөнү айтылат. Учурда бул жер казактарга таандык жана алар тор менен тосуп алышкан.

Кой кыркын.

Каркырадагы топоздор.

Усуп Ниязбеков күн сайын сыр чыгарган Сүт-Булакка 3 тонна сүт ташыйт. Сүттүн литри 15-16 сомдон алынат. Көп уй саагандар күнүнө 200 литрден ашык сүт төгүп, он күндө 30 миң сом акча табышат.  

Токтояндын жашоочусу Эрнис Ыманов ойлоп тапкан дөңгөлөктүү мончо. Эрнис мырза жайлоону түрө кыдырып чабандарды мончого түшүрөт. Баасы 80 сомдон, эки киши кенен батат. Малчылар каймак-майын, кымызын көтөрүп келип сергип кетишет. 

Каркырадагы карызга бербеген дүкөн.

Бээ сааган маал. Учурда кымыздын литри 50 сомдон сатылууда.

Эшектен баштап уйга чейин коркпой минген тоо балдары.

Кулундарды желеге байлоо машакаты.

Чабандар күндүз антенналарын спутникке ылайыктап алышат. Энергия генератордон алынат. Жаан өтпөшү үчүн боз үйдү жарнама таарларын жаап коюшат.

Чабандар чогулуп алып Бразилиядагы футбол боюнча дүйнө биринчилигин көрүп жатышат. Табак антеннелар малчылардын каалаган каналын көрүүсүнө мүмкүнчүлүк ачкан.  

Кыргыздын азыркы көк бөрү оюнунун эрежелерине баш ийбеген улак тартышы.

Бул уламышка айланган Санташ. Маалыматтарга таянсак, амир Тимур (Тамерлан) XV кылымда жортуулга баратып жоокерлеринин санын билүү үчүн ар бирине бирден таш чогултууга буйрук берет. Бул жердеги он миңдеген таш жоокерлердин санына барабар. Санташтын жанындагы айыл Түп районунда жайгашкан 3-ферма айылы деп аталат.

Санташтан анча алыс эмес бул жерге мындан 2-3 жыл мурда казактар Чокон Валихановдун эстелигин орнотушкан. Кийинчерээк жергиликтүүлөр эстеликти омкоруп ордуна 1916-жылдагы улуу үркүнгө арнап эстелик тургузушкан.