Баткенде жаштар чек ара маселесин талкуулайт

Баткенде бүгүн “Эркин эл” саясий партиясы менен “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин жаштар өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулайт. Алар бийликке коңшу өлкөгө чектеш аймактардагы маселелерди тезирээк чечүү талабын коймокчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Айбек Мырза маалымдады. Иш-чара “Жаңы муун өкүлдөрүнүн жыйыны” деп аталат.

Жыйында чек ара көйгөйүнөн сырткары Бажы биримдигинин пайда-зыяны, жер, суу жана жол маселеси да көтөрүлөт. Жаштар талкуусу шаардык маданият үйүндө өтөт. (SE)