Нарындагы малчылардын майрамы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Нарындын Жумгал районунда малчылар майрамы өттү. Байзак айылындагы Көлмө жайлоосунда өткөн майрам ат оюндары, спорттук мелдештер менен коштолуп, Бишкектен келген өнөрпоздор ыр-бий тартуулашты. Совет доорунда жыл сайын өтүп келген бул майрам эми 22 жылдан соң кайра жанданды. Быйылкы майрамга маданият жана маалымат министри Камила Талиева катышты. Майрамды жергиликтүү бийлик жана жеке демөөрчүлөр уюштурушту.