Быйыл Кыргызстанда 306 улан-кыз мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 9-классты 92 миң, ал эми 11-классты 62 миң бала бүтүрдү. Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 52 миң бүтүрүүчү катышты.
Мектепти артыкчылык менен бүтүрүп жаткан 306 улан-кыздын 75и Бишкек шаарындагылар. (RK)
Мектепти артыкчылык менен бүтүрүп жаткан 306 улан-кыздын 75и Бишкек шаарындагылар. (RK)