Көл менен Нарында электр жетишсиздиги көйгөй жаратууда

Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жаңы конуштардын электр менен камсыз болуусу көйгөй жаратууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Чыгышэлектро” ишканасынын техникалык башчысы Шамза Соодонбеков билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда 84, Нарын облусунда 98 жаңы конуш бар. Алардын электр жабдуусун иретке келтирип, баарын текши камсыз кылуу үчүн 174 подстанция жана 260 чакырым зым керек. Бул үчүн 179 миллион сом керектелет. Учурда ишкана чет жактан инвестиция тартуу жолдорун издеп жатат. (MK/RK)