Алайда Келдибековду колдогон акция сай боюнда уланууда

Коррупциялык иштерге шектелип камалган депутат Акматбек Келдибековдун камактан чыгышын талап кылып Алайда жол буугандар акцияны жол четиндеги сай боюнда улантып жатат. Келдибеков камактан чыкмайынча тынчтык митинги токтобой турганын “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Керим Сарыбашев билдирди.

Бир айга чукул убакыттан бери Ош – Эркеч-Там
жолун бууп тургандар менен 22-июнда вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев жана Жогорку Кеңеш депутаты Исмаил Исаков барып сүйлөшкөндөн соң жолду ачышкан. Акция өтүп жаткан жердеги ондон ашуун боз үй чечилип, сай жээгине тигилген.

Сарыбашевдин айтымында, жолдун ачылышына Акматбек Келдибековдун кайрылуусу, депутат Исмаил Исаковдун өтүнүчү жана рамазан айынын келип калгандыгы себеп болду.

Бишкектин Октябрь райондук соту өткөн айда Келдибековдун ишин кароону 27-июнга чейин узарткан. (SE)