Алайда буулган жол ачылмай болду

Бул туурасында “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Бүгүн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Алайга барып, эл менен 2-3 саатча сүйлөшкөндөн кийин жол тоскондор жолду ачмай болушту.

- Вице-премьер элди ынтымакка, сабырдуулукка чакырып сүйлөшүү болгондон кийин алар жолду ачабыз дешти. Азыр депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жолдо тигилген боз үйлөрдү, төгүлгөн шагылды тазалап, жыйнай баштады,
- деди Мелис Эржигитов.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында камакка алынган. Абак учурунда ал бутуна үч жолу операция жасалып, чет өлкөдө дарыланууга муктаж экени айтылууда. Ал эми Келдибековдун тарапкерлери 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун буушуп, аны үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышкан.(AzK)