Сирияда Ал-Мухасан шаарына авиасокку урулду

Сирияда өкмөттүк күчтөр ишемби күнү Ирак чек арасына жакын Ал-Мухасан шаарына абадан сокку урду. Британияда жайгашкан сириялык укук коргоо борборунун билдиришинче, аскер учактарынын алты жолку чабуулунан соң 16 киши мерт кеткен. Алардын үчөө жай тургундар болгон.

Жума күнү Ал-Мухасан шаарын “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” аттуу радикалдуу топ барымтага алган эле. Соңку эки күн аралыгында бул топтун жоочулары Ирактын Анбар провинциясында эки стратегиялык пунктту өз көзөмөлүнө алышты. 20-июнда исламчылар Сириянын чек арасына жакын Эль-Каим, 21-июнда Евфрат суусунун сол жак жээгиндеги Рава шаарын басып алышкан.(AzK)