Путин Борбордук аскер округунун даярдыгын текшерүүнү буюрду

Бүгүн 11:00дө орус президенти Владимир Путиндин буйругу менен Борбордук аскер округун капыл-тапыл текшерүү башталды. Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Бул аскердик курамдын даярдыгын комплекстүү текшерүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатат деп түшүндүрүштү.

Машыгуунун жүрүшүндө аба-десанттык аскерлердин 98-дивизиясы Ивановдон Челябинск облусуна которулат. Машыгуу 28-июнга чейин созулат.