Кыргызстан укук коргоо кыймылы жыйынга чогулду

Кыргызстан укук коргоо кыймылы бүгүн Бишкекте жыйын өткөрүп, адам укуктарынын абалы, дүйнөдө жана Алайда болуп жаткан окуяларды талкуулады. Уюмдун президиумуна 9 адам, төрагалыгына экс-акыйкатчы Турсунбек Акун шайланды.

Турсунбек Акундун "Азаттыкка" айтымында, өзү түптөгөн бул кыймыл келерки жылы 25 жылдыгын белгилейт. Соңку он жылдан бери түрдүү себептерден улам анын жыйындары өтпөй келген. (RK)