Акча кармагандар мыйзамдан кабарсызбы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук банктын өкүлдөрү журналисттер менен бирге Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан акча алмаштыруучу жайларды аныктоо боюнча атайын рейд жүргүздү. Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан пункттардан бир саат ичинде лицензиясы жок иштеп жаткан 10 чакты акча алмаштыруучу жай аныкталды. Мыйзам боюнча акча алмаштыруучу болуп иштөөнү каалаган ишкер Улуттук банктан лицензия алышы талап. Уруксат алып иштегендердин саны республика боюнча бүгүнкү күндө 336. Ал эми лицензия албай иштеп жүргөндөрдүн көбү "Дордой" базарында экенин Улуттук банк билдирүүдө. (Ырысбек Улукбек уулу)