Испания футбол боюнча дүйнөлүк таймаштан чыгып калды

18-июнда Чили командасынан 2-0 эсебинде утулган Испания оюнду улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Анткени алар буга чейин Голландия командасынан да ири эсеп менен жеңилип калган. Шаршемби күнкү дагы башка оюндарда Голландия Австралия командасын 3-2 эсебинде, Хорватия Камерунду 4-0 эсебинде жеңип алды. (AiT)