Ирак АКШдан жоочуларга абадан сокку урунуу суранды

Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибаринин 18-июнда Сауд Арабиясында журналисттерге билдирүүсүнө караганда, Багдад өлкө түндүгүн басып алган "Ирак жана Левант ислам мамлекети" уюшулмасынын жоочуларына абадан сокку урууну Вашингтондон суранды. Ошол эле Зибари аскерий операциялар жетишсиз болорун, маселени чечүү үчүн радикалдуу саясий чечимдер керек экенин кошумчалаган. АКШ аскер башчыларынын бири Мартин Демпси ирак өкмөтүнөн өтүнүч келип түшкөнүн, бирок сокку уруларын ачык айтпай, ошол эле учурда жоочуларга каршы туруу АКШнын улуттук кызыкчылыгында экенин белгилеген. Ирак өкмөт башчысы 18-июнда өлкө биримдикти көрсөтүүдө деди:

- Ирак бирдиктүү өлкө. Аны тастыктаган билдирүү саясий партиялардын кечээ күнкү жолугушуусунан кийин жарыяланды. "Ал-Каидага" каршы күрөштө өлкө коопсуздугун сактоодо биз бирбиз.

Премьер-министр Нури ал-Малики Ирак аскерлери демилгени колго алып, жоочуларды сүрө баштаганын белгилеген. (AiT)