Арстанбап керемети

  • Ырысбай Абдыраимов

Арстанбап пансионаты - тынч көлөкөлүү жай.

Арстанбап айылынын борборунан Арстанбап турпансионаты менен кичи шаркыратмага 5-8-10 орундуу кирекечтер, эски автомашиналар иштейт.

Арстанбап турпансионатынан Бабаш-Ата тоосунан башталган чоң шаркыратмага 5 чакырым атчан барса да болот, баасы 400 сом.

Арстанбап турпансионатында күнүгө барып-келип эс алган адамдар көп.

Бабаш-Ата тоосунан башталган Арстанбап суусунун аягы Өзбекстанга да өтүп кетет.

Арстанбапты күн көрүнбөгөн жаңгак токойлорусуз элестетүү мүмкүн эмес.

Арстанабап турпансионатындагы бассейн.

Пансионаттын көлмөсүндө чоңдор да ойносо болот.

Кичи шаркыратмадагы үңкүр.

Арстанбап турпансионаты ак кар баскан Бабаш-Ата тоосуна барып такалат.

Арстанбап атанын күмбөзү.