"Эркиндикти муунтпагыла"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдында жалган маалымат таратуу боюнча мыйзамга каршы акция өткөрдү. 17-майда президент Алмазбек Атамбаев кимдир бирөөнү кылмыш жасады деп эл алдында жалган айтып чыкканы үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, атайылап жалган маалымат тараткандар 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бир катар укук коргоочулар жана журналисттер бул мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келерин айтып, сындап чыккан. (Асеин Маданбеков)