Маматалиев Алайда митингчилер менен жолукту
17-июнда Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Ош-Эркеч-Там жолун бууп турган Акматбек Келдибековдун тарапкерлери менен жолугушууга барды.
Жамгырга байланыштуу бийлик өкүлдөрү менен жол буугандардын сүйлөшүүсү боз үй ичинде, жабык эшик артында уланды. Сүйлөшүүлөрдүн соӊунда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев топтолуп тургандарга кайрылып, жол буугандардын арасынан 4-5 өкүлдү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолуктуруу чечимине келгенин айтты.
Акматбек Келдибековдун жактоочулары депутат камактан чыкмайынча жолду ачпастыгын, өздөрүнө карата чыккан Алай райондук сотунун чечимин тааныбастыгын билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жол тоскондорго каршы күч колдонулбасын убада кылды.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 2013-жылы 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
26-майда Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан чечим чыгарган. Келдибековдун тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатат. Бирок баш прокурор Аида Салянова бул дооматты четке кагууда. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Келдибеков ар кандай шылтоо менен иштин сотко өтүшүн создуктуруп, тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан качып жатканын айткан болчу.