Бразилияда футбол боюнча кезектеги оюндар өттү

17-июнда орус курама командасы Түштүк Кореянын командасы менен беттешип, оюн 1-1 эсебинде тең аяктады. Бельгия Алжирди 2-1 эсебинде утса, Бразилия менен Мексика командалары эсеп ача албай, 0-0 менен тарады. Бүгүн футбол талаасында Австралия-Голландия, Испания-Чили жана Камерун-Хорватия беттешет. (AiT)