Визасыз каттам киргизилген өлкөлөрдөн келген туристтер көбөйүүдө

Кыргызстанга визасыз каттам тартиби киргизилген өлкөлөрдөн келген жарандардын саны артууда. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2013-жылы визасыз каттам киргизилген 44 өлкөдөн Кыргызстанга келген адамдардын саны 54 миңге жеткен. Ал эми 2011-жылы мындай тартип киргизиле электе бул көрсөткүч 6 миң гана болчу. Мындан улам өлкөдөгү туристтик компаниялар визасыз каттам Кыргызстандагы туризм тармагы үчүн пайдалуу болуп жатканын билдирүүдө.

Бирок Тышкы иштер министрлиги буга чейин бул маселени кайра карап чыгуу демилгесин көтөргөн эле.

Кыргызстан 2012-жылдын 24-июлунда дүйнөнүн 44 өлкөсүнө визасыз каттам ачкан. Ага ылайык, бул өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 60 күн бою визасы жок эле жүрүүгө укук алган. (AzK/BkA)