Өкмөт башчынын капыл-тапыл текшерүүсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын, андан кийин Социалдык фонддун Бишкектеги айрым бөлүмдөрүнө алдын-ала айттырбай кирип барып, ишин текшерди. Дал ушул мекемелердин тейлөөсүнө байланыштуу жарандардан арыз-даттануу көп түшүп жатканын айтты. Ал текшерген тейлөө бекеттеринде айрым жабдуулар иштебей турганын, кезектегилер көп экенин көрүп, тиешелүү чара көрүлбөсө жетекчилер кызматтан алынарын эскертти. (Рысбек Улукбек уулу)